«Адам капиталын инвестициялоо жана социалдык коргоо» аталышында тегерек стол өттү

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр: ЮНИСЕФ жана Бүткүл дүйнөлүк банк менен биргеликте «Адам капиталын инвестициялоо жана социалдык коргоо» аталышында бүгүн, 6-декабрда тегерек стол уюштурду.
Анда “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамын ишке ашырууну баалоо максатында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгын, бирдиктүү мамлекеттик маалымат ресурсу – социалдык жардамдын республикалык маалымат базасы катары социалдык жардамдын корпоративдик маалымат системасын жайылтууну, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу максатында аталган базанын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана башка мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара кызматташуусун жана маалымат алмашуусун, ошондой эле 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында бирден-бир артыкчылык катары аныкталган адам потенциалын өнүктүрүү призмасы аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө башка мамлекеттик органдардын эсебинен кошумча жардам берүү тажрыйбасы талкууланды.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча мындан ары социалдык коргоонун чараларын жакшыртуу, жакыр жашаган балалуу үй-бүлөлөргө социалдык колдоону өнүктүрүүгө жардам берген чараларды ишке ашыруу, аларга адекваттуу социалдык колдоо көрсөтүү, балдардын өнүгүүсүнүн алгачкы этаптарында аларга өз убагында инвестицияларды иштеп чыгуу, IT-технологияларды пайдалануу менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын мамлекеттик социалдык кызматтарга болгон жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.
Талкууга КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, КРнын ЖКнин Вице-спикери Аида Касымалиева, КРнын Президентинин Аппаратынын Жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пайдалуу
Ссылкалар