Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы Бишкек шаарынын “Ынтымак” паркында “Биз – теңчилик муунбуз!” аттуу кайрымдуулук чуркоо өттү

7-декабрда, Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында Бишкек шаарынын “Ынтымак” паркында “Биз – теңчилик муунбуз!” аттуу кайрымдуулук чуркоо өттү.

Ага КРнын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева, Кыргызстандагы БУУнун аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран катышты.

Аталган иш-чара коомчулуктун көңүлүн кыздарга жана аялдарга карата болуп жаткан зомбулукка буруу жана аны болтурбоо максатында уюштурулду.

Катышуучулар өз каалоосу менен үч дистанцияда чуркашты. Ал эми жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

Пайдалуу
Ссылкалар