КРнын ЭСӨМдө КРнын “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы тууралуу маселени талкууланды

2019-жылдын 19-декабрында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Коомдук кеӊеши бейөкмөт уюмдардын жана башка мамлекеттик органдардын коомдук кеӊештеринин өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы тууралуу маселени талкуулоо боюнча жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссиянын ишине жана коомдук кеӊештердин ишине байлынышкан маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, коомдук кеӊештин сандык жана сапаттык курамы, институттук эс тутумду сактоо, анын ишмердүүлүгүнүн улантуучулугун жана туташтыгын камсыз кылуу сыяктуу маанилүү темаларга кайрылышты.

Аталган долбоор эскертүү жана сунуш-пикирлерди эске алуу менен иштелип чыгат.

Пайдалуу
Ссылкалар