Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жашы жете элек кызга карата зордуктоо болгон эмес

Аксы районундагы 5 жашар кыздын зордукталуусу боюнча «Turmush.kg» интернет сайтка жарыяланган маалымат такталбай чыккандыгын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет. Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жашы жете элек кызга карата зордуктоо болгон эмес.

Маалым болгондой, Мазар айылынын тургуну 1980-ж.т, А.Ш.К аттуу жаран мас абалында, ата- энесинин жоктугунан пайдаланып 5 жашар кызды зордукттого аракет кылган. Учурда аталган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

5 жашар кыз өз үйүндө ата-энесинин көзөмөлүндө.

Пайдалуу
Ссылкалар