2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандарынын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы КРнын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-августунда № 442 токтому менен бекитилди

2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы бекитилди.

2016-жылдын 14-октябрдагы Калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары боюнча координациялык кеңештин жана 2016-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн чечимдерине ылайык 2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан.

2002-жылы Кыргыз Республикасы картаюу маселелери боюнча Эл аралык Мадрид иш-аракеттер планынын катышуучусу болуп калды, ага ылайык Кыргызстан “өлкөнүн улгайган калкын коопсуз жана татыктуу шарттарда жашоо мүмкүнчүлугүн камсыздоо жана толук кандуу жарандар катары коомдун жашоосунда катышууну улантуу” боюнча милдеттерди алган.

Картаюу маселелери боюнча Эл аралык Мадриддик планы БУУнун экинчи дүйнөлүк жыйында 159 өлкөнүн өкүлдөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуусунда 2002-жылы апрель айында кабыл алынган.

Эл аралык Мадриддик пландын максаты бардык өлкөлөрдө улгайган жарандарды коопсуз жана татыктуу шартта жашоого, коомго толук катышууга укуктуу жана мындан ары да камсыз кылуу болуп саналат.

Биринчи жолу Министрлик БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин колдоосу менен картаюу боюнча улуттук изилдөө өткөрүлдү.

Биринчи этапта өлкөдөгү улгайган жарандардын учурдагы кырдаалын талдоо жүргүзүлгөн (кабинеттик изилдөө) жана отчет түзүлгөн.

Экинчи этапта Министрликтин 2015-жылдын 2-ноябрында № 74 -буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу тобу аркылуу сурамжылоонун анкетасын иштелип чыккан жана БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти тарабынан макулдашылган.

Үчүнчү этапта – бул Улуттук статистика комитети тарабынан изилдөө жүргүзүлгөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын иштелип чыккан.

Бүгүнкү күндө, 2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандарынын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-августунда № 442 токтому менен бекитилген.

Иш-чаралар планынын негизги багыттары:

– Теңдик жана басмырлабоо. Улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамилени жана зомбулукту болтурбоо боюнча чаралар;

– Ден соолукту бекемдөө жана ага кам көрүү, улгайган жарандардын сапаттуу медициналык кызматтарга ден соолукту сактоо системасын өркүндөтүү аркылуу жетүүсүн жогорулатуу жана активдүү узак жашоону илгерилетүү;

– Улгайган жарандардын жашоо циклинин бардык этаптарында байгерчиликти камсыздоо. Улгайган жарандардын арасында кедейлик деңгээлин кыскартуу;

– Социалдык кызматтар рыногун өнүктүрүү жана кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик эмес секторду колдоо формаларын кеңейтүү аркылуу улгайган жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.

Иш-чаралар планынын максаты саясий, социалдык, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө тең укуктуу катышкан Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандардын коопсуз жана татыктуу жашоосун камсыздоо эсептелет.

Иш-чаралар планынында каралган негизги милдетер:

  • Улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамиле жасоонун жана зордук-зомбулукту алдын алуу;
  • Геронтология жана гериатрия боюнча изилдөө жүргүзүү;
  • Улгайган жарандардын активдүү узак жашоо программасын иштеп чыгуу;
  • Жергиликтүү деңгээлде реабилитациялоо борборлорун түзүү;
  • Муундар аралык диалог жана биргелешкен ишмердик форматында ыктыярдуу ишмердик маданиятын калыптандыруу.
Пайдалуу
Ссылкалар