2020-жылдын 16-январында министрдин орун басары А. Солтонбекова Кыргызстан аялдарынын ӨЭУнын Форумунун төрайымы Н. Джанаева менен жумушчу жолугушуусу болду.

Жолугушууда УЫСтин 5-максатын “Бардык аялдар жана кыздардын гендердик теңдигин камсыз кылуу жана ыйгарым укуктарын  кеңейтүү”, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине басым жасоо менен, жазууда материалдарды даярдоодо биргеликте кызматташуу маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерине бурулду. Н. Джанаева аялдардын уюмдары айыл өкмөттөрдө кандай иштээрин айтып берди, эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен жолдорун сунуштады.

Н. Джанаеванын жана анын уюмунун жергиликтүү деңгээлде ТӨМдү прапагандалоодого иш тажрыйбасын эске алып, А. Солтонбекова Н. Джанаеваны Улуттук ыктыярдуу серепти (УЫС) даярдоо боюнча социалдык маселелер, анын ичинде региондорду өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун кошумча түзүмүнө киргизүүнү сунуштады.

Пайдалуу
Ссылкалар