«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын январь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын  1 – 7 февралына  чейин  2264  телефондон кайрылуу (же бир суткада 323 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 52  абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 6 же  (11,5%) жаш балдардан, ал эми 46 же (88,5%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 43 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 2 абонентке психологиялык консультация берилди, 7 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

52 чалуунун  ичинен эркектерден – 18 (34,6%), аялдардан – 34 (65,4%), балдардан – 4: анын ичинен эркек балдардан – 4 (66,6%), кыздардан – 2 (33,3 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

–  финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап –  9 абонент чалган;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 8;

– социалдык жардам сурап –  7;

– билим берүү системасы боюнча – 5;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 4;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 4;

– медициналык камсыздоо боюнча – 4;

-БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 4;

– ар кандай суроолор менен – 4;

– психологиялык жабырлануудан – 2;

– мектептеги рэкет жөнүндө – 1 .

2212 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  27 же  (51,9%);

– Ысык – Көл облусунан – 8 же  (15,4%);

– Чуй облусунан – 7  же (13,5 %);

– Джалал-Абад облусунан – 4 же (7,7%);

– Ош облусунан – 3 же  (5,8%);

– Баткен облусунан – 2 же  (3,8 %);

– Нарын обусунан – 1 жэ (1,9).

Пайдалуу
Ссылкалар