«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын февраль айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын  8 – 14 февралына  чейин  2584  телефондон кайрылуу (же бир суткада 369 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 40  абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 7 же  (17,5%) жаш балдардан, ал эми 33 же (82,5%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 28 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

40 чалуунун  ичинен эркектерден – 12 (30,0%), аялдардан – 28 (70,0%), балдардан – 7: анын ичинен эркек балдардан – 4 (57,1%), кыздардан – 3 (42,9%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап –  12 абонент чалган;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 5;

– психологиялык жабырлануудан – 4;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 4;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап –  3;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата-эне менен балдардын, окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 3;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 2;

– медициналык камсыздоо боюнча – 2;

– ар кандай суроолор менен – 2;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 1;

2544 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  18 же  (45,0%);

– Джалал-Абад облусунан – 8 же (20,0%);

– Ош облусунан – 5 же  (12,5%);

– Чуй облусунан – 3 же (7,5 %);

– Ысык – Көл облусунан – 2 же  (5,0%);

– Баткен облусунан – 2 же  (5,0%);

– Нарын обусунан – 2 же (5,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар