Дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүктүн күнүнө карата социалдык эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын отуруму болуп өттү

Бишкек шаарында 2009-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүктүн күнүнө карата социалдык эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын отуруму болуп өттү. 2007-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 62-сессиясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алгачкы болуп Дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүктүн күнүн белгилөө демилгесин сунуштаган.
Дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүктүн күнү маалыматтуулукту жогорулатууга жана жынысы, жаш курагы, расалык, этностук же диний таандыгы, маданияты же майыптыгынын болгондугуна байланыштуу адамдардын алдында келип чыгуучу тоскоолдуктарды жоюу менен социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө багытталган,
Жолугушуу алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргызстан профсоюздар федерациясы жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелери ортосундагы 2020-2022-жылдарга социалдык эмгектик жана аны менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун негизги маселелери боюнча программаны ишке ашырууга багытталган жаңы Башкы макулдашуунун биргелешкен чараларын жана артыкчылыктарын талкуулашты
Жыйналыш учурунда министрдин орун басары К. Токтосартов Эмгек жана социалдык өнүгүү министри У.Кочкоровдун атынан социалдык өнүгүү мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргызстандын профсоюздар федерациясына, « JIA бизнес-ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесине, Эларалык эмгек уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ардак грамоталарды тапшырды.
Мындан тышкары, социалдык эмгектик мамилелерди өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн “Эл аралык ишкердик кеңешке” “Кичи ГЭСтер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесине, “Жеткирип берүүчүлөр ассоциациясына (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор)” жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына ыраазычылык кат тапшырылды.

Пайдалуу
Ссылкалар