Жаңы пилоттук Баткен, Ош, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында жаштарды кесиптик багыттоо тармагындагы коомдук өнөктөштөр тарабынан ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

25-28.02.2020-ж. Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) «Иш менен камсыздоого  жана кесиптик окутууга колдоо көрсөтүү» программасынын 4 пилоттук иш менен камсыз кылуу кызматы жана 8 пилоттук мектеби Баткен, Жалал-Абад, Өзгөн жана Ош пилоттук шаарларында коомдук өнөктөштөр менен кесип тандоо жаатында өз ара кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту. Пилоттук шаарлардагы кесип тандоо жаатындагы  коомдук өнөктөштөр болуп иш менен камсыз кылуу кызматтары, муниципалитеттер/коомчулук (өзүн-өзү башкаруу органдары), жогорку окуу жайлары, орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлары, жаштар уюмдары, ишканалар/иш берүүчүлөр жана башка кызыкдар уюмдар эсептелет. Иш менен камсыздоого  жана кесиптик окутууга колдоо көрсөтүү» программасынын «Эмгек рыногунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу» ишмердүүлүк чөйрөсү өнөктөштөргө кесиптик багыттоодо жана кеңеш берүүдө коомдук өнөктөштүк боюнча кооперациялык үлгүнү түзүү жана ишке киргизүү ишинде көмөк көрсөтөт.

Кесиптик багыт берүү тутумунда окуучулар жана жаштар үчүн коомдук өнөктөштүктүн  кооперациялык үлгүсү Каракол, Бишкек, Нарын жана Талас шаарларында алгачкы сыноодон өткөрүлгөн жана ийгиликтүү ишке ашырылган. Үлгүнү биринчи сыноо 2017-2018-жж  өткөн. 2019-жылдан баштап үлгү Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Өзгөн шаарларында ишке кире баштады.

Коомдук өнөктөштүктүн негизги милдети кесиптик багыттоонун натыйжалуу тутумун түзүү, жаштардын арасында кесиптик багыттоону иш жүзүндө өнүктүрүү үчүн комплекстүү иш-чараларды стратегиялык жактан иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу тараптар ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Коомдук өнөктөштөр 9-класстын окуучуларына кесип тандоо жана билим алуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн көмөктөшөт. Жогорку класстардын окуучуларына өздөрүнүн келечектеги кесиби тууралуу негизделген жана так маалыматка таянып чечим чыгаруу үчүн өз кызыкчылыктарын, эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөрдү жана билим алуунун ар кандай ыкмаларын аныктоодо көмөк көрсөтүү өзгөчө маанилүү болуп саналат.

Иш менен камсыз кылуу кызматтары кесипке багыттоодо жана кеңеш берүүдө негизги ролду ээлешет. Алар окуучуларга жекече жана топтук түрдө кеңеш берүүлөрдү жүргүзүшөт, мектептерге ишканалар менен карым-катнаш түзүүдө көмөктөшөт, мектеп окуучуларына жана жумушсуз жаштарга өз жөндөмдөрүн жана кызыкчылыктарын аныктоо боюнча тестирлөө өткөрүшөт. Кесиптик окуу жайлар чеберчилик  сабактарды өтүшөт жана окуу жайларга барууну уюштурушат. Университеттер окутуу багыттары жөнүндө маалымат берип, Ачык эшиктер күндөрүн уюштурат. Ишканалар экскурсияларды,  такшалма өтүүнү, ишканаларды кыдырууну уюштурушат, тармактык эксперттер  менен жолугушууларды ж.б. иш-чараларды өткөрөт.

Ошентип, бардык катышуучулар тарабынан жергиликтүү деңгээлде ишти жөнгө салуу / жергиликтүү кесиптик-нускоочу тармактарды түзүү (кесиптик багыттоого түзүмдөштүрүлгөн колдоо көрсөтүү) абдан маанилүү.

Төмөндө коомдук өнөктөштөрдүн пикирин келтирели: «Бизге кеңеш берүү куралдары керек, нускоочу жардам керек,  биз окутууга муктажпыз, бизге тийиштүү коомдук өнөктөштөр менен кызматташуу үлгүсүн ишке ашыруу тажрыйбасын үйрөтүү  зарыл. Үлгүнүн өзү абдан кызыктуу жана керектүү» (Өзгөн ш. коомдук өнөктөштөр).

«Меморандум кесиптик багыттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу үчүн жакшы курал болуп саналат. Анын жардамы менен окуучуларды кесиптик багыттоого кызыкдар бардык тараптар бири-бири менен кызматташат. Биз бардык иш-чараларды бирге мерчемдейбиз, маалыматтарды биргелешип беребиз, окуучуну кесип тандоодо аң-сезимдүү, баамдалган чечим чыгарууга даярдайбыз жана ошентип окуучуларды жана жаштарды кесиптик багыттоо тутумун түзө алабыз» (пилоттук мектептердин мугалимдери).

Тездик менен өзгөрүп жаткан заманбап убакта, эмгек рыногунда кесиптердин көп түрдүүлүгү учурунда кесиптерди  тандоого байланыштуу айрым суроолорго жооп бере алгыдай болуу үчүн колдоо көрсөтүү жараяндары зарыл. Бул жагынан алганда, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социлдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргызстанда кесиптик багыттоо тутумун өнүктүрүү концепциясын иштеп чыккан. Концепцияда ар кандай кызыкдар тараптардын ортосунда кызматташтык мамилелердин маанилүүлүгү баса белгиленет:

«Жаштарды кесиптик багыттоонун негизги максаты – жаштардын кесипти, окуу жайын, кесипке даярдоонун түрлөрүн аң-сезимдүү тандап алуусуна көмөктөшүү, алардын суроо-талаптары менен эмгек рыногунда дасыккан кызматкерлерге болгон керектөөлөрдүн ортосундагы теңдемге жетишүү, ошондой эле жаштарды андан ары ишке орноштурууга өбөлгө түзүү  болуп саналат.  Кесиптик багыттоо ишинин объектиси болуп максаттуу топ эсептелет, аларга окуучулар, ата-энелер, гимназиянын, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле жумушсуз жарандар кирет. Кесиптик багыттоо ишинин субъектилери болуп мамлекеттик органдар, билим берүү мекемелери, иш берүүчүлөр жана коомдук бирикмелер эсептелет. Жаштарды кесипке багыттоо тутумунун ар бир субъектисине белгилүү бир иш-милдеттер дайындалат. Кесиптик багыттоо тутумунун калыптанышы жана өнүгүшү кесиптик багыттоо субъектилеринин бирдиктүү жана макулдашылган иш-аракеттери аркылуу ишке ашырылат».

Программа 8 пилоттук: Каракол, Нарын, Талас, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Өзгөн жана Баткен шаарларынын 24 пилоттук мектептери менен иш алып барат. Ошентип, бул шаарларда коомдук өнөктөштөрдүн биргелешкен ишмердүүлүгү аркылуу жаштар жана жумуш издөөчүлөр кесипке багытталат жана эмгек рыногуна ийгиликтүү жуурулушат.

Кесиптик багыттоонун жана кеңеш берүүнүн ийгиликтүү жүрүшү жер-жерлердеги бул ишке катышуучулардын өз милдеттерин жүзөгө ашырууда биргеликте иш алып баруусуна жана иш-аракеттердин эркиндигин жоопкерчиликтүү пайдалануусуна жараша болот.

Ошентип, тутумдуу кесиптик багыттоо жаштарды иш менен камсыздоо маселелерине жана өлкөнүн келечектеги узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүсүн бекемдөөдө олуттуу салым кошот.

Пайдалуу
Ссылкалар