«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын февраль айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын  февралында  10489  телефондон кайрылуу (же бир суткада 361 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 157 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган, анын ичинен 20 же  (12,7 %) жаш балдардан, ал эми 137 же (87,3 %) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 114 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 11 абонентке психологиялык консультация берилди, 32 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

157 чалуунун  ичинен эркектерден – 42 (26,8 %), аялдардан – 115 (73,2 %), алардын ичинен балдардан – 20: анын ичинен эркек балдардан – 10 (50,0%), кыздардан – 10 (50,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 33 абонент чалган;

–  финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 21;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 17;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 14;

– билим берүү системасы боюнча – 14;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 10;

– психологиялык жабырлануудан – 10;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 9;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 8;

– медициналык камсыздоо боюнча – 6;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 6;

– ар кандай суроолор менен – 5;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– суицид боюнча – 1;

– мектептеги рэкет тууралуу – 1.

10332 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  69 же  (44,0 %);

– Чуй облусунан – 21 же (13,4 %);

– Джалал-Абад облусунан – 21 же (13,4 %);

– Ысык – Көл облусунан – 20 же  (12,7 %);

– Ош облусунан – 17 же  ( 10,8 %);

– Баткен облусунан – 5 же  (3,2 %);

– Нарын обласынан – 4 же (2,5 %).

Пайдалуу
Ссылкалар