«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын март айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

Print Friendly, PDF & Email

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 8- 14  мартына  чейин  2728  телефондон кайрылуу (же бир суткада 389 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 44  абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 6 же  (13,6%) жаш балдардан, ал эми 38 же (86,4%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 33 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 1 абонентке психологиялык консультация берилди, 10 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

44 чалуунун  ичинен эркектерден – 13 (29,5%), аялдардан – 31 (70,5%), балдардан – 6: анын ичинен эркек балдардан – 3 (50,0%), кыздардан – 3 (50,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 8 абонент чалган;

–  финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 7;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу –5;

– баланы тарбиялоо, анын журум-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучу       менен мугалимдин мамилелери тууралуу -4;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 4;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип -4;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу -3;

– медициналык камсыздоо боюнча суроолор – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– ар кандай суроолор менен – 2;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 1;

– психологиялык жабырлануудан – 1;

– мектептеги рэкет тууралуу – 1.

2684 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  21  же  (47,7%);

– Жалал-Абад облусунан – 6 же (13,6%);

– Чуй облусунан – 5 же (11,4 %);

– Ош облусунан – 5 же  (11,4 %);

– Ысык – Көл облусунан – 3 же  (6,8%);

– Баткен облусунан – 3 же  (6,8 %);

– Нарын облосунан – 1 же   (2,3%).