КР Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча Улуттук ыктыярдуу серептин долбоорун даярдоо боюнча социалдык маселелер, анын ичинде региондорду өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму өткөрүлдү

2020-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу боюнча Улуттук ыктыярдуу серептин социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Отурум жумушчу топтун жетекчиси, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары А.Солтонбекованын жетекчилиги алдында өткөрүлдү.

Жолугушуунун катышуучулары Улуттук серептин социалдык маселелер боюнча бөлүмдүн долбоорун талкуулашты (1, 2, 3, 4 жана 5 ТӨМ).

Жолугушуунун катышуучулары документтин аналитикалык бөлүгү, ошондой эле көйгөйлөр жана келечектеги кадамдар боюнча сунуштарын беришти. Жыйынтыгында бардык катышуучулар өздөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине беришет, андан соң документтин жеткире иштелип чыккан долбоору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жиберилет деген чечим кабыл алынды.

Пайдалуу
Ссылкалар