Багып алуучу үй-бүлөлөр ЭСӨ Министрлигинин сертификаттарын алышты

2020-жылдын 10 – 14 мартына чейин Ысык-Көл облусунда убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөргө жана убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөрдү даярдаган тренерлерге КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сертификаттары тапшырылды.

Буга чейин багып алуучу үй-бүлөр жана аларды окутууга даяр болгон адистер атайын окуудан өтүшкөн. Семинар-тренингдер Европалык бирликтин “Камкордукка алуунун үй-бүлөлүк формасы: турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар үчүн коомчулуктун деңгээлинде үй-бүлөргө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында “Балалык Институту” коомдук фонду тарабынан өткөрүлгөн.

Пайдалуу
Ссылкалар