Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун менен май таркатылды

Нарын райондор аралык башкамалыгында учетто турган 600 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 килограммдык 1 мүшөк ун жана 3 литр суу май таркатылды.

Аталган жардам “Ислам Ата” фонду тарабынан берилди. Ошондой эле “Ага Хан” фонду тарабынан 500 үй-бүлөгө азык-түлүк жана антисептиктер таркатылды.

Пайдалуу
Ссылкалар