Министрликке караштуу социалдык стационардык мекемелер коргоочу шаймандар менен камсыздалды

Бүгүн, 1 апрелде, “Сорос-Кыргызстан” фонду Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу социалдык стационардык мекемелерди коргоочу шаймандар менен камсыз кылды: 4000 медициналык колкап, 2880 баххил, 1000 литр антисептик жана 10 коргоочу комбинезон.

Министрликтин системасына караштуу 17 социалдык стационардык мекеме бар. Анын 6 су карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, 6 су психоневрологиялык ооруга чалдыккан чоң адамдар үчүн, ал эми 5 сү балдар үчүн ылайыкталган. Бүгүнкү күндө аталган мекемелерде 2394 адам мамлекеттин камкордугуна алынган. 736 улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, 1658 психоневрологиялык ооруга чалдыккандар болсо, анын ичинен 423 балдар.

Пайдалуу
Ссылкалар