“Коронавирус илдетине байланыштуу өлкөдө болуп жаткан кырдаалда майыптыктын мөөнөтү өтүп кеткен болсо же өз убагында аяктаса, эмне кылыш керек?”

Коронавирустун таркап кетүү коркунучуна байланыштуу, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал режими жана айрым шаарларда жана райондордо чектөө өзгөчө абал киргизилген шартта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар (мындан ары-ДМЧА) көптөгөн үй-бүлөлөрдө майыптык мөөнөтүн узартуу жөнүндө суроолор жаралууда.

Буга байланыштуу, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал алып салуу режиминен кийин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлиги ДМЧАларды медициналык-социалдык экспертиза тутумунда кайра күбөлөндүрүү мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим иштеп чыкты.

Республикада өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын убакытын эсепке алып МСЭКтин маалымкатында МСЭКтер (райондор аралык, шаардык), башкача айтканда өтүп кеткен мөөнөттүн кошуп эсептөө жүргүзүшөт.

Пайдалуу
Ссылкалар