«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын март айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын мартында  12228  телефондон кайрылуу (же бир суткада 394 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 571 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 27 же  (4,7%) жаш балдардан, ал эми 544 же (95,3%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 531 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 11 абонентке психологиялык консультация берилди, 29 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

571 чалуунун  ичинен эркектерден – 130 (22,8%), аялдардан – 441 (77,2%), балдардан– 27: анын ичинен эркек балдардан – 8 (29,6%), кыздардан- 19 (70,4 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 374;

– социалдык жардам сурап – 50;

– ар кандай суроолор менен – 40;

– медициналык камсыздоо боюнча – 21;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 13;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 13;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО        кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 12;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 10;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын,   окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 10;

– психологиялык жабырлануудан – 9;

– билим берүү системасы боюнча – 9;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 5;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 4;

– мектептеги рэкет тууралуу – 1.

11657 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  307 же  (53,8%);

– Чуй облусунан – 119  же (20,8%);

– Ош облусунан – 61 же (10,7%);

– Жалал-Абад облусунан – 44 же (7,7%);

– Ысык-Көл облусунан – 13 же (2,2%)

– Баткен облусунан – 10 же  (1,8%);

– Нарын обусунан – 10 же (1,8%);

– Талас облусунан -7 же (1,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар