«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын апрель айынын биринчи жумасынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 1 – 8 апрелине  чейин 2905 телефондон кайрылуу (же бир суткада 415 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 299 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 6 же  (2,0%) жаш балдардан, ал эми 293 же (98,0%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 285 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

299 чалуунун  ичинен эркектерден – 64 (21,4%), аялдардан – 235 (78,6%), балдардан– 6: анын ичинен эркек балдардан – 0 (0%), кыздардан- 6 (100,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап -230;

– социалдык жардам сурап – 9;

– ар кандай суроолор менен – 9;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 9;

– психологиялык жабырлануудан – 9;

– медициналык камсыздоо боюнча – 7;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО        кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 6;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын,   окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 4;

– билим берүү системасы боюнча – 4;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 3.

2606 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  167 же  (55,8%);

– Чуй облусунан – 76  же (25,4%);

– Ош облусунан –25 же (8,4%);

– Жалал-Абад облусунан – 16 же (5,4%);

– Ысык-Көл облусунан – 9 же (3,0%);

– Нарын обусунан – 3 же (1,0%);

– Баткен облусунан – 2 же  (0,7%);

– Талас облусунан – 1 же (0,3%).

Пайдалуу
Ссылкалар