ЭСӨМнин алдында ачылган депозиттик эсепке 9-апрелде 50000 сом түштү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2020-жылдын 9-апрелинде депозиттик эсепке 50000 сом түшкөнүн маалымдайт. Эсеп ачылган күндөн тартып баардыгы 7839105 сом 39 тыйын түшкөн. Мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдардан, жеке ишкерлерден түшкөн акчалар, учурда муктаж болгон, турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылууга жумшалат.

Акча каражаттарын бөлүштүрүү Комиссиясынын чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн жалпы суммадан бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Мэриясына 792500 сом жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына 3587496 сом которулду.

Пайдалуу
Ссылкалар