Ысык-Көл облусунда почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлери пенсияларды жана жөлөкпулдарды алуучулардын үйлөрүнө жеткирип берүүдө

Print Friendly, PDF & Email

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлери пенсияларды жана жөлөкпулдарды алуучулардын үйлөрүнө жеткирип берүүдө.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча Жети-Өгүз районунда мамлекеттик жөлөкпулдарды 4500 адам алат. Анын ичинен 1640 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу төлөнөт. Ал эми калгандары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, пенсияга укугу жок улгайган жарандар ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алышат. Ошондой эле, 607 адам жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды алышат.

Жер-жерлерде жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн Министрлик 6-7 апрелде шаардык/район аралык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына акча каражаттарын которгон.