Кыргызстанда социалдык өнөктөштүк аркылуу кесипке багыт берүү жүргүзүлүп жатат. Бул кантип иштейт?

Кесип тандоо – адам жашоосундагы эң маанилүү тандоолордун бири. Ыкчам өзгөрүп жаткан эмгек рыногу жаңы кесиптерди, жаңы окуу программаларын жаратууда. Бирок анча чоң эмес турмуштук тажрыйбасы бар бүтүрүүчүлөр үчүн кесип тандоо сыктуу чечимдерди кабыл алуу оңой эмес. Мындан улам жаш муунду кесипке багыттоону камсыздоо абдан маанилүү. Анткени кесип тандоо – келечекти тандоо.

Кесипке багыт берүү бардык курактагы адамдарга жана жашоонун бардык этаптарында өз билими, окуусу, карьералык мүмкүнчүлүктөрү, эмгек рыногунда ордун табуу боюнча чечим кабыл алууга көмөк көрсөтөт.

Жогорку класстагы окуучулар үчүн алардын кызыгуусун, эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөрүн жана болочок кесибин акыл калчап тандоосу үчүн ар тараптуу маалыматтын жектилиликтүү болушу аябай маанилүү.

Кесипке багыт берүүнү өнүктүрүү Кыргызстандын саясий максаттарынан. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги менен Социалдык өнүгүү, эмгек министрлиги 2016-жылы  “Кыргыз Республикасындагы жаштарга кесипке багыт берүү системасын өнүктүрүүнүн концепциясын” иштеп чыккан. Анда кызыкдар тараптар ортосундагы кооперациялык ыкмалардын маанилүүлүгү белгиленет.

“Жаштарды кесипке багыттоонун негизиги максаты – кесипти, окуу жайын, кесипке багыттоонун башка формаларын акыл калчап тандоосуна өбөлгө түзүү. Тандоо инсандын жеке каалоосу, шык-жөндөмү, эмгек рыногундагы муктаждык жана ишке орношуу жагын эске алуу менен жасалышы шарт. Кесипке багыт берүүнүн объектилери – окуучулар, мектеп, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү,  ата-энелер жана жумушсуз жарандар. Кесипке багыт берүү ишмердүүлүгүнүн субъектилери – мамлекеттик органдар, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр жана коомдук бирикмелер. Жаштарды кесипке багыттоо системасындагы субъекттин ар бирине анык бир милдеттер жүктөлөт. Кесипке багыттоо системасынын калыптанышы жана өнүгүшү субъектилердин биргеликте координацияланган аракеттеринен көз каранды”.

Германиянын эл аралык кызматташтык уюмунун (GIZ) “Иш менен камсыздоого жана кесиптик окутууга өбөлгө” долбоору ушул максатты толугу менен колдойт.  “Эмгек рыногунун сапатын жакшыртуу” деп аталган долбоордун биринчи багыты жаштарды кесипке багыттоо жана кеп-кеңеш берүү боюнча социалдык өнөктөштөргө жардам көрсөтөт. Иш чаралар бул жаатта социалдык өнөктөштүктүн кооперациялык моделин түзүү жана киргизүүгө багытталган.

Социалдык өнөктөштүктүн кооперациялык моделин институционалдаштыруу үчүн консультациялык колдоо жер-жерлердеги структуралар, иш чарарларды өткөрүү, адистерди окутуу аркылуу жүргүзүлөт.

Бул модель негизги 4 багытта иштейт:

  • Мектептерде кесипке багыт берүү беш тепкичтен турат (1. Өз мүдөөсүн түшүнүү. 2. Кесиптер жана карьера тууралуу маалымат берүү. 3. Билим алуунун жолдору. 4. Эмгек дүйнөсү менен чыныгы жолугушуу. 5. Болочок окуу жайы жана кесип тууралуу чечим кабыл алуу. Программанын максаты – жаштардын өз кесибин жана окуу жайды тандоо чечимин толук кандоо маалыматка ээ болуп, акыл калчап, өз алдынча кабыл алуу жөндөмдөрүн өстүрүү. Мектептерде программаны киргизүү 48 мультипликатор аркылуу ишке ашууда. Пилоттук мектептерде 301 мугалим окуудап өтүп, 2129 окуучу кесипке багыт алды.
  • Иш менен камсыздоо кызматтары үчүн кесип жаатында кеп-кеңеш берүү боюнча системдүү мамиле иштелип чыкты. Анда чоңдорду кесипке багыттоо жана жаштарды кесип тандоого даярдоо боюнча системдүү жана туруктуу концепциясын калыптандыруу камтылган. Кесип боюнча кеп-кенеш берүү – ишке орношуу жана адаптацияланууга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, анткени адамга карьерага байланыштуу чечимдерди кабыл алууда да, эмгек рыногуна алгач ирет чыгуу жаатында да жана кесиптик өзгөрүүлөр боюнча да жардам берилет. Муну киргизүү жана колдонуу боюнча иш менен камсыздоо кызматтарынын 66 адиси окутулду.
  • Кесипке багыттоо боюнча локалдык тармактар түзүлүүдө. Ал кесип боюнча багыт жана кеп-кеңеш берүү жаатындагы кызматташуунун жаңы түрлөрү, эффективдүү өнөктөштүк үчүн платформа болуп калды. Ар кайсы социалдык өнөктөштөр менен кызматташуу системдештирилип, диалогдук платформалардагы туруктуу жолугушуулар аркылуу бекемделди. Мында биргеликте иш-чараларды уюштуруу талкууланат. Жалпы 24 диалогдук платформа уюштурулуп, ага 499 адам катышты. Натыйжада төрт пилоттук шаарда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюулду. Документте социалдык өнөктөштөр негизги милдеттер тууралуу өз ара аракеттенүүнүн жалпы рамкаларын аныкташты. Мисалы, тандалып алынган мектептер иш менен камсыздоо кызматтары менен кызматташат, кесип дүйнөсү менен жолугушууларды өткөрүшөт. Ал эми иш менен камсыздоо кызматтарына кесипке багыт жана кеңеш берүү боюнча негизги роль ыйгарылды. Алар окуучуларга (жеке жана топтук кеп-кеңеш берүү) кеңеш берип, ишканалар менен мектептердин ортосунда ымала түзүүгө жардам берип, окуучулар менен жумушсуздардын кызыкчылыктарын, шык-жөндөмдөрүн аныктоо боюнча тестирлөөлөрдү жүргүзүшөт. Кесиптик лицейлер мастер-класттарды өткөрөт. Университеттер өз кезегинде окутуунун багыттары тууралуу маалымат берип, ачык эшик күңдөрүн өткөрүшөт. Ишканалар өз эшигин ачып, экскурссия, стажировка, эксперттер менен жолугушууларды уюштурушат.
  • Кесип боюнча кеп-кеңеш берүү жаатында керектүү материалдарды жана инструменттерди иштеп чыгуу. Бул иш менен камсыздоо кызматтарынын жүгүн жеңилдетет. 17 аталыштагы маалыматтык материалдар чыгарылды. Анын ичинде мугалимдер, социалдык кызматтар үчүн методикалык колдонмолор бар.

Программа 8 пилоттук шаарда: Каракол, Нарын, Талас, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Өзөн жана Баткенде 24 пилоттук мектепте иштейт. Аталган шаарлардагы жаштар жана жумуш издөөчүлөр кесипке багыт алат, социалдык өнөктөштөрдүн биргеликте аракеттенүүсүнүн натыйжасында алар эмгек рыногуна ийгиликтүү интеграцияланат.

 Кесипке багыт  жана кеп-кеңеш берүүнүн ийгилиги – жер-жерлердеги катышуучулардын өз милдеттерин биргеликте так аткарышынан көз каранды.

Ошентип, системдүү түрдө кесипке багыт берүү иш менен камсыздоого барандуу салым кошуп, узак мөөнөттүү келечекте өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн бекемдейт.