«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын 4 айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 4 айында 45981 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 380 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 2440 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 191 же  8,1% жаш балдардан, ал эми 2249 же 91,8% чоң адамдардан). Анын ичинен 2161 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 130 абонентке психологиялык консультация берилди, 149 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

2440 чалуунун  ичинен эркектерден – 560 (23,0%), аялдардан – 1880 (77,0%), балдардан– 191: анын ичинен эркек балдардан – 69 (36,0%), кыздардан- 21 (64,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 876; 

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 601;

– социалдык жардам сурап – 213;

– психологиялык жабырлануудан – 112;

– ар кандай суроолор менен – 108;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 102;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 81;

– медициналык камсыздоо боюнча – 79;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО        кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 71;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 59;

– билим берүү системасы боюнча – 59;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 59;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу- 16;

– мектептеги рэкет тууралуу – 2;

– суицид боюнча – 2.

43541 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  1123 (же  46,0%);

– Чуй облусунан – 413  (же 17,0%);

– Ош облусунан – 314 (же 12,9%);

 – Жалал-Абад облусунан – 238 (же 9,7%);

– Ысык-Көл облусунан – 106 (же 4,3%);

– Баткен облусунан – 85 (же 2,5%);

– Талас облусунан – 41 (же 1,7%);

– анонимдерден – 59 (же 2,4%).

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсүн талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

149 кабарланган билдирүүнүн ичинен 125 же 83,9% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  19 же 12,7% – ички иштер органдарына, 3 же 2,0% – саламаттыкты сактоо органдарына, 1 же 0,6% балдардын психоневрологиялык ССМ, 1 же 0,7%  башка уюмдарга жөнөтүлдү.

Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат. 

Түшкөн 915 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   –1123 же 46,0 %;

– Чуй облусунан –413 же 17,0%;

– Ош облусунан – 314 же 12,9 %;

– Жалал – Абад облусунан –  238 же 9,7%;

– Ысык – Көл облусунан – 106 же 4,3%;

– Баткен облусунан – 85 же 3,5 %;

– Нарын облусунан –61 же 2,5 %;

– Талас облусунан – 41 же 1,7 %;

– анонимдер  – 59 же 2,4%.

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылган 9 абонентке телефон аркылуу борбордун кызматкерлери консультация берген, 3 факты анык болуп, 8 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 1 факты боюнча ата – энесине кылмыш иши козголгон, 1 психологиялык зомбулук көрсөткөн факт аныкталып, баланын атасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 5 кайрылуу боюнча фактылар аныкталган эмес, үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

– 14 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан жашаган жерине барып, изилденип чыгып, каттого алынды;

21 абонентке райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди.

5 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, балдарды реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды.

1 жашы жете элек бала табылып, балдар Борборуна убактылуу жайгаштырылды.

1 кайрылуу боюнча РШСӨБ кызматкерлеринин жардамы менен абонентке баласы менен жолугууга жардам көрсөтүлдү.

2 балага “балага сүйүнчү” жөлөкпул төлөндү.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн 6 факт боюнча 1 факт тастыкталаган эмес, РШИИБ  кызматкерлери тарабынан зомбулук көрсөткөн адамдар менен профилактикалык иш чара өткөрүлдү.

Беловодскийдеги балдар психикалык ССМ кызматкерине болгон арыз текшерилди.

1 абонентке демөөрчүлор тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

3 абонентке тез жардам кызматын чакырууга жардам берилди.

2019 – жылдын 4 айы (799 чалуу) менен 2020 – жылдын 4 айын салыштырганда, чалуулардын саны 3 эсеге көбөйгөн. Чалуулардын көбөйүшүнүн себеби, 2020 – жылдын 22 – мартынан тартып республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоого байланыштуу өзгөчө кырдаал жана 25 – мартынан өзгөчө абал киргизилгендиктен, ошондой эле массалык маалымат каражаттары жана соцтарамактар аркылуу балдардын психологиясы, мээримдүү тарбиялоо, үй – бүлөнүн бейпилдигин сактоо тууралуу мааалыматтарды жайылтуу болгон. 

Пайдалуу
Ссылкалар