«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын май айынын 1 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 1 – 8 майына чейин 2672 телефондон кайрылуу (же бир суткада 381 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 194 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 26 же  (13,4%) жаш балдардан, ал эми 168 же (86,6%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 170 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 13 абонентке психологиялык консультация берилди, 11 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

194 чалуунун  ичинен эркектерден – 35 (18,0%), аялдардан – 159  (82,0%), балдардан– 26: анын ичинен эркек балдардан – 13 (50,0%), кыздардан- 13 (50,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын,   окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 54;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 49;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 18;

-психологиялык жабырлануудан – 13;

– социалдык жардам сурап – 10;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 9;

– билим берүү системасы боюнча – 9;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 8;

– ар кандай суроолор менен – 8;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 7;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО        кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 5;

– медициналык камсыздоо боюнча – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1.

2478 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 79  же  (40,7%);

– Чуй облусунан –  23 же (11,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 19 же (9,8%);

– Ысык-Көл облусунан – 18 же (9,3%);

– Ош облусунан – 17 же (8,8%);

– г Ош – 16 же (8,2%);

– Баткен облусунан – 12 же  (6,2%);

– Нарын обусунан –  6 же (3,1%);

– Талас облусунан –  4 же (2,1%);

Пайдалуу
Ссылкалар