Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы Европа Биримдиги колдоп жаткан “Spotlight” (Жарыктын нуру) демилгесинин алкагында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен тыгыз байланышып келет

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы Европа Биримдиги колдоп жаткан “Spotlight” (Жарыктын нуру) демилгесинин алкагында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен тыгыз байланышып келет.

Программа ишке киргизилгенден тартып, пандемия абалында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын-алууга же чечүүгө багытталган көптөгөн демилгелерди ишке ашырдык:

1. Ишенимдүү ыкчам байланышуу телефондорунун ишмердүүлүктөрү күчөтүлдү. Бүгүнкү күндө, психологдордон, үй-бүлөлүк терапия боюнча психологдордон жана балдар психологдорунан кеӊеш алуу үчүн чалууларды кайра багыттоочу 111, 112, 117 ишеним телефондору иштеп жатат.

2. Жарандардын нары-бери жылып жүрүү укуктарын чектеген, өзгөчө жана кризистик абал учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктун жабырлануучуларына кечиктирилгис комплекстүү жардам жеткирүү үчүн мобилдик топторду түзүүнүн үстүндө иш алынып барылууда. Мобилдик топтор гендердик зомбулуктарга карата көп тармактуу таасир этүүнүн алгоритми боюнча нускамаларды жетекчиликке алуу менен иш алып барышат (саламаттыкты сактоо, социалдык кызматтар, укуктук кызматтар, укук коргоо органдары, сот адилеттүүлүгү институттары жана гуманитардык мекемелер аркылуу). Мобилдик  топтун курамына социалдык өнүктүрүү органынын аймактык кызматкери, ички иштер органынын аймактык кызматкери жана кризистик борбордун психологу/социалдык кызматкери милдеттүү түрдө киришет. Мобилдик топтор үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу чалууларга жана билдирүүлөргө барышат. Зомбулук орун алган ордунан туруп кырдаалга, тобокелчиликтерге, жабырлануучулардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн керектөөлөрүн жана муктаждыктарына баа берилет жана алгачкы таасир этүү чараларын жана аларды андан нары ишке ашыруу чараларын аныкташат.  Азырынча мобилдик топтор мериянын катышуусунда Бишкекте түзүлөт жана сыноодон өткөрүлөт.

3. Аялдар үчүн коопсуз жайлар уюштурулулду жана ал жерден медициналык, психиологиялык жана юридикалык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Бул иштер Кризистик борборлордун ассоциациясы менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, аялдардын балдары менен чогуу болуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Коопсуз жайлар жөнүндө маалыматтарды жана байланышуу түйүндөрүн Кризистик борборлордун ассоциациясынан алууга болот,  мындан сырткары зомбулук тууралуу билдирүүлөр  түшүп жаткан ыкчам байланышуу түйүндөрүндөгү терефондук чалуулар дагы кайрадан  талданып чыгат.

4. Муну менен катар эле, зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган маалыматтык компаниялар жүргүзүлүүдө.

5. Кризистик борборлорду мамлекеттик буйрутмалар линиясы аркылуу колдойбуз.

6. Кризистик борборлорго, интернаттарга, балдар үйлөрүнө гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү. Биринчи кезекте корголбогон, аярлуу мамилеге муктаж топтор көбүрөөк эске алынды.

Зомбулукка дуушар болгон аялдар, балдар жана улгайган адамдар өздөрүнүн көйгөйлөрү менен жалгыз эмес экендиктерин баса белгилеп айткыбыз келет. Сиздер ишенимдүү ыкчам байланышуу кызматтарына кайрыла аласыздар. Биздин ар бирибиз аялдарга жана балдарга карата зомбулукту токтото алат.

Пайдалуу
Ссылкалар