«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын май айынын 2 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 8 – 14 майына чейин 2764 телефондон кайрылуу (же бир суткада 394 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 144 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 14 же  (9,7%) жаш балдардан, ал эми 130 же (90,3%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 124 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 7 абонентке психологиялык консультация берилди, 13 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

144 чалуунун  ичинен эркектерден – 33 (23,0%), аялдардан – 111 (77,0%), балдардан– 14: анын ичинен эркек балдардан – 5 (35,7%), кыздардан- 9 (64,3 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 48;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 34;

– социалдык жардам сурап – 17;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 10;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 9;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 6;

– ар кандай суроолор менен – 6;

– психологиялык жабырлануудан – 5;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 4;

– медициналык камсыздоо боюнча – 2;

– суицид тууралуу кайрылуу – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 1.

2620 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 63  же  (43,7%);

– Чуй облусунан – 17  же (11,8%);

– Ош облусунан – 17 же (11,8%);

– Ош шаарынан – 11 же (7,6%)

– Ысык-Көл облусунан – 8 же (5,5%);

– Баткен облусунан – 7 же  (4,9%);

– Нарын обусунан – 7  же (4,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 6 же (4,2%);

– Талас облусунан – 4 же (2,8%);

– Аноним – 4 же (2,8%).

Пайдалуу
Ссылкалар