Өлкөдө 900 дөн ашык социалдык кызматкерлер улгайган жарандарды, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды үйлөрүнөн тейлешет

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын Кызыл Ай коому менен биргеликте райондук/шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 900дөн ашуун социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө үй кызматын көрсөтүшөт.

Өлкөдөгү карантиндик режимге карабастан, социалдык кызматкерлер  жарандар менен ар дайым байланышта болушуп, жума сайын үйлөрүндө кам көрүп жатышат. Иштин коопсуздугун, анын ичинде коронавирустун коркунучу бар адамдарды камсыз кылуу максатында, Министрлик  Кызыл Ай Коому менен биргеликте социалдык кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Мындан улам, коопсуздуктун бардык стандарттарына жана социалдык аралыкка ылайык, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Ош облустарынын райондук/шаардык бөлүмдөрүнүн социалдык кызматкерлеринин чакан топтору менен семинарлар өткөрүлдү.

Окуудан өткөн кызматкерлер үйдө кызмат көрсөткөн учурда өзүн жана камкордугуна алынган адамды кантип коргоо  жөнүндө маалымат менен мессенждер WhatsApp аркылуу кесиптештери менен бөлүшүүдө. Бул иш-чаралар өзгөчө кырдаал режими алынып салынганга чейин жүргүзүлүп, өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт.

 

Пайдалуу
Ссылкалар