Министрдин орун басары Ализа Солтонбекова «Вингс Санфлауэр (WINGS SUNFLOWER) моделин киргизүү» эл аралык онлайн-конференциянын алкагында гендердик зомбулук маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова «Вингс Санфлауэр (WINGS SUNFLOWER) моделин киргизүү» эл аралык онлайн-конференциянын алкагында гендердик зомбулук маселелерин талкуулады.

Конференциянын максаты кризистик борборлорго жардам сурап кайрылган аялдар менен иштөө боюнча программалар үчүн аянтча катары WINGS жана Sunflower Centre элементтерин өзүнө камтыган интегралдык моделин өнүктүрүү боюнча Түштүк Корея тажрыйбасын демонстрациялоо болуп саналат.

Sunflower борборлору жергиликтүү медициналык, консультациялык жана юридикалык колдоо көрсөтүүчү, гендердик зомбулуктун курмандыктарына комплекстүү кызмат көрсөтүү борбору болуп саналат.

Кыргызстанда үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча 10 жылдык программа кабыл алынган, бул программа үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алууга багытталган, ошондой эле гендердик теңчилик боюнча иш-аракеттердин улуттук планы кабыл алынып, ал гендердик зомбулукту жоюуга багытталган. Үй-бүлөлөр жана балдар үчүн кризистик борборлор ачылып, “111” ишеним телефону жана “112” шашылыш байланыш телефону иштеп жатат.

«Акыркы жылдары министрлик зордук-зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана балдарга жардам көрсөтүү боюнча тейлөөлөрдү өнүктүрүүдө интеграциялык процесстерди күчөттү. Тактап айтканда, балдардын ишеним телефону иштейт, Астерия, Демократиялык процесстерди изилдөө борбору, Кризистик борборлордун ассоциациясы, Сорос-Кыргызстан кризистик борборлордун кызмат көрсөтүү стандарттары сыноодон өткөрүлгөн», -деп белгиледи өз сөзүндө А.Солтонбекова.

Ошондой эле, ал карантин шартында, гендердик зордук-зомбулуктан жабыр тарткандарга убактылуу коопсуз жай (АКЦ, ЮНФПА),, ачык экендигин, анда  зомбулуктан жабыркаганда карантин бүткүчө баш калкалай тургандыгын ошондой эле жабыр тарткан аялдарга гуманитардык жардамдар уюштурулгандыгын кошумчалады.

«COVID-19 көйгөйү гендердик зомбулук маселелердин келип чыгышына бирден-бир фактор болуп жатат, ал биздин коомчулуктан өз ара аракеттенүүнүн жаңы ыкмаларын, бардык күч-аракеттерди бириктирүү жана координациялоо механизмдерин иштеп чыгууну, иштин жаңы ыкмаларын киргизүүнү талап кылат. Ал эми Глори фонду жана Кризистик борборлор ассоциациясы тарабынан берилүүчү кийлигишүү программасын киргизүүнүн жыйынтыгы, башка иштеп жаткан жана келечектеги мамлекеттик кризистик борборлордун ишине бирдиктүү мамилени калыптандыруу үчүн импульс болуп калышы мүмкүн», – деп белгиледи министрдин орун басары.

Министрлик жыл сайын республикалык бюджеттен мамлекеттик социалдык заказ боюнча кризистик борборлорду каржылоону жогорулатып жатат.”Кыргыз Республикасында кризистик борборлордун ишине гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кийлигишүү моделин киргизүү” долбоору  Кыргыз Республикасындагы ПРООН жана Сеул шаарында ПРООН саясат борборунун гендердик зомбулук көйгөйлөрүн чечүү жолдорун өнүктүрүү боюнча өнөктөштүгүнүн көмөгү менен ишке ашырылууда.

Пайдалуу
Ссылкалар