«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын май айынын 3 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 15 – 22 майына чейин 2421 телефондон кайрылуу (же бир суткада 345 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 119 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 13 (же 11,0%) жаш балдардан, ал эми 106 (же 89,0%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 103 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 7 абонентке психологиялык консультация берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

119 чалуунун  ичинен эркектерден – 20 (16,8%), аялдардан – 99 (83,2%), балдардан– 13: анын ичинен эркек балдардан – 4 (30,8%), кыздардан- 9 (69,2 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 32;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 21;  

– социалдык жардам сурап – 15;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 12;

– психологиялык жабырлануудан – 7;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 7;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– ар кандай суроолор менен – 4;

– медициналык камсыздоо боюнча – 3;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип – 2.

2302 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 49  (же 41,1%);

– Чуй облусунан – 19  (же 16,0%);

– анонимдерден – 15 (же 12,6%);

– Ош облусунан – 9 (же 7,6%);

– Жалал-Абад облусунан – 8 (же 6,7%);

– Баткен облусунан – 6 (же  5,0%);

– Ош шаарынан – 5 (же 4,2%);

– Нарын обусунан – 4  (же 3,4%);

– Ысык-Көл облусунан – 4 (же 3,4%).