«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын май айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын май айында 11481 телефондон кайрылуу (же бир суткада 370 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 586 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 72 (же 12,3%) жаш балдардан, ал эми 514 (же 87,7%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 493 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 45 абонентке психологиялык консультация берилди, 48 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

586 чалуунун ичинен эркектерден – 121 (20,6%), аялдардан – 465 (72,4%), балдардан– 72: анын ичинен эркек балдардан – 33 (45,8%), кыздардан – 39 (54,2 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 163;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 127;

– социалдык жардам сурап – 55;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 42;

– психологиялык жабырлануудан – 39;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 30;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 28;

– ар кандай суроолор менен – 26;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 25;

– медициналык камсыздоо боюнча – 19;

– билим берүү системасы боюнча – 12;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 10;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип – 8;

–  суицид тууралуу кайрылуу – 2.

10895 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

48 кабарланган билдирүүнүн ичинен 39 же 81,2% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү, 8 же 16,7% – ички иштер органдарына, 1 же 2,1% башка уюмдарга жөнөтүлдү.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 240 (же 40,9 %);

– Чуй облусунан – 83 (же 14,1 %);

– анонимдерден –  32(же 5,4 %);

– Ош облусунан – 47 (же 8,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 45 (же 7,6%);

– Баткен облусунан – 28 (же 4,7 %);

– Ош шаарынан – 40 (же 6,8 %);

– Нарын облусунан –  19 (же 3,2%);

– Ысык-Көл облусунан – 38 (же 6,4 %);

–  Талас облусунан – 14 (2,3%).

2020 – жылдын май айында балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери, гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап чалган абоненттер көп болду.

Пайдалуу
Ссылкалар