2020-2021-жылдары коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо боюнча жарыяаныктоо үчүн жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо боюнча жарыя

Кыргыз  Республикасынын  Эмгек  жана  социалдык  өнүктүрүү  министрлиги Кыргыз  Республикасынын «Мамлекеттик  социалдык  заказ жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесине ылайык,  2020-жылдын 15-июнь айынан 29-июнь айына чейин 2020-2021-жылдары коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлерди тандоону жарыялайт.

Жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер коммерциялык эмес уюмдар тарабынан сунушталат. Бир коммерциялык эмес уюмдан бир талапкер сунушталышы мүмкүн.

Жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлер 25 жаштан жаш эмес, жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп эсептелбеген, ушул Мыйзамдын 5-беренесинде аталган бир же бир нече чөйрөдө иштөө тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары боло алат.

Жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо үчүн мамлекеттик заказчыга почта же электрондук почта менен төмөндөгү документтер берилүүгө тийиш:

1) гранттык комиссиянын курамына талапкерди сунуштоо жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун каты;

2) тандоого катышууга талапкердин арызы;

3) автобиографиялык маалыматтарды (резюме) жана байланыш маалыматтарды (телефон номери, электрондук почта дареги, почта дареги) көрсөтүү менен талапкердин билими, иш тажрыйбасы, кесиптик билимдери жана коомдук ишмердиги жөнүндө маалыматтар.

Конкурска  катышуу үчүн документтерди 2020-жылдын 29-июнь айына саат 18:00го чейин Социалдык  камсыз кылуу департаментине Бишкек  шаары, Москва көчөсү, 197, (кирүү тарабы Үмөталиев көчөсү) дарегинде же nzaripa@mail.ru электрондук  почтасы аркылуу кабыл алат.

Маалымат жана түшүндүрмө алууга кайрылуу үчүн байланыш номери: Ниязбекова Зарипа т. 0(312) 61-06-33, электрондук почта nzaripa@mail.ru.

Жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлерге коюлган талаптарга жооп берген талапкерлерге маек жүргүзүү 2020-жылдын 6-июлунда Кыргыз  Республикасынын  Эмгек  жана  социалдык  өнүктүрүү  министрлигинин (дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215) кичи залында саат 14:00до өтөт.

Ошону менен бирге Министрлик Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана кызыкчылыктардын кагылышуусунунун келип чыгуусун болтурбоо максатында, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлү болгон жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына тандалган мүчөлөрү 2020-2021-жылдардагы коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурсуна катышууга өтүнмөнү (коомдук пайдалуу долбоорлорду) бере албагандыгын эскертет.

Пайдалуу
Ссылкалар