Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табуу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, бүгүн, 15-июнда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров пресс-конференцияда айтып берди

Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табуу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, бүгүн, 15-июнда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров пресс-конференцияда айтып берди.           

Маалыматка ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга майыптык тобун күбөлөндүрүү жол-жобосу жеңилдетилгенди.

Атап айтканда, стационардык текшерүүсүз экспертизага жиберүүгө укук берген оорулардын тизмеси толукталган. Бул өзгөртүүлөр аутизм, дүлөй, дудуктук, ар кандай даражадагы акыл-эс жактан артта калуу сыяктуу оору менен ооруган 20 миңге жакын адамдын кызыкчылыктарына тиешелүү.

Патологиясы бар 2500 кишиге чейин, анын ичинде буту ампутациялангандар мөөнөтсүз күбөлөндүрүлөт. Кайталанбаган анатомиялык дефекттердин тизмеси 35 ден 60% га чейин узартылды.

Оорулардын 24 түрү боюнча кайтадан күбөлөндүрүү мөөнөтү 2 жылдан 5 жылга чейин узартылган.

Белгилей кетсек, биринчи жолу жашы жеткенден кийин күбөлдүрүүдөн өткөн тугоухтун (укпай калуу) үчүнчү даражасы менен ооруган адамдарга “бала кезинен бери майып” статусу ыйгарылып, майыптыгы боюнча жөлөкпулду эки эсе көп алышат. Жобого өзгөртүү киргизилгенге чейин мындай адамдардын категориясы “жалпы ооруудагы майып” катары каралган.

Кабыл алынган жаңы киргизүүлөр медициналык-социалдык экспертиза системасынын ишинде коррупциялык көрүнүштөрдү кыйла төмөндөтөт, ошондой эле калктын социалдык жактан аярлуу катмарларын коргоону  кыйла жогорулатат жана социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтөт.

Министрликтин маалыматы боюнча ушул жылдын башынан тартып республикада 193 778 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар болсо, анын ичинен 32 013-чү 18 жашка чейинки балдар болуп эсептелет.

Пайдалуу
Ссылкалар