14 бүтүрүүчү юридикалык өзгөчөлүгү бар сурдокотормочулардын катарын толуктады

Кыргызстанда юридикалык өзгөчөлүгү бар сурдокотормочулардын базасы жаңыртылып, анын катары окуу курсунун 14 бүтүрүүчусү менен толукталды.

Окуу курсу «ZOOM» онлайн программасы аркылуу 2020-жылдын 11-майынан 8-июнуна чейин өткөрүлду. Учурда базада жалпысынан юридикалык өзгөчөлүгү бар 59 сурдокотормочу бар анын 42си – Бишкек, 14ү – Ош, 2си – Талас жана бирөө Нарын шаарынан.

Базанын жардамы менен майыптыгы бар адамдар жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү юридикалык өзгөчөлүгү бар сурдокотормочуларды сот отурумдарына, нотариустка, адвокаттык контораларга, тергөө учурларына жана башка ушул сыяктуу укук коргоо иштерине байланышкан учурларга чакырып, кызматын колдонууга болот.

Аталган окуу курстары майыптыгы бар адамдардын укуктук мүмкүнчүлугүн кеңейтүү жана 2016-жылы тузүлгөн юридикалык өзгөчөлүгү бар сурдокотормочулардын базасын жаңыртуу максатында уюштурулууда. Жаңыртылган базасы  Юстиция министрлигинин сайтына жайгаштырылган:  http://minjust.gov.kg/ru/content/surdoperevodchiki

Аталган курс Көзү азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун демилгеси менен БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун алкагында уюштурулууда.

 

Пайдалуу
Ссылкалар