ЭСӨМ Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтуна автоунаа, медициналык жабдыктарды жана азык-түлүк берди

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту жана Улуттук онкология жана гематология борбору менен иштөө учурунда:
– 01KG210AG мамлекеттик номери бар FORD TRANSIT автоунаасы убактылуу пайдаланууга берилди;
– ун түрүндөгү жардам – 5 тонна;
– санитайзерлер – 50 литр;
– медициналык маскалар – 450 даана;
– 10 даана кычкылтек концентраторлору (Ротари Клуб Бишкек менен бирге) берилди.
Ошондой эле, министрлик, Бишкек Ротари Клубу менен биргеликте, кычкылтектин 5 концентраторун Улуттук онкология жана гематология борборуна өткөрүп берди.
Бүгүнкү күндө ЖКТ костюмдары, медициналык маскалар, колкаптар, респираторлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинен дары-дармектер үзгүлтүксүз бөлүнүп турат.

Пайдалуу
Ссылкалар