КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган депозиттик эсеп ачылган күндөн тартып баардыгы 17 427 047 сом түшкөн. Бул каражаттан турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн акчалай каражаттарды бөлүштүрүү Комиссиясынын чечими менен:
2020-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясына – 792 500,00 сом;
2020-жылдын 9-апрелинде Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө бөлүнгөн 3 587 496,00 сом;
2020-жылдын 16-апрелинде Нарын шаарынын Мэриясына – 1 000 000,00 сом;
2020-жылдын 16-апрелинде Жалал-Абад шаарынын мэриясына – 1 000 000,00 сом;
2020-жылдын 16-апрелинде Ош шаарынын мэриясына 4 000 000,00 сом;
2020-жылдын 16-апрелинде Сузак райондук мамлекеттик администрациясына – 2 000 000,00 сом;
2020-жылдын 16-апрелинде Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына – 1 000 000,00 сом;
2020-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын Мэриясына – 2 760 000,00 сом бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө эсепте калган сумма 1 287 051 сом 80 тыйынды түзөт.
Эсепке которууларды мамлекеттик жана жеке компаниялар, кайрымдуулук жана коомдук уюмдар жүргүзгөн.