«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын 7 – айынын иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган суроолор – чалуулар журналга катталат, аларга анкета толтурулат, бардык чалуулар жазылат.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 7 – айында (январь – июль) 81569 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 388 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 3681 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 414 же  11,2% жаш балдардан, ал эми 3267 же 88,8% чоң адамдардан). Анын ичинен 3124 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 266 абонентке психологиялык консультация берилди, 291 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

3681 чалуунун  ичинен эркектерден – 847 (же 23,0%), аялдардан – 2834 (же 77,0%), балдардан– 414: анын ичинен эркек балдардан – 140 (же 33,8%), кыздардан – 274 (же 66,2 %).

3681 кайрылган абоненттердин ичинен көбү 1083 чоң адамдар же 29,4% жардамга муктаж болгон жарандар азык – түлүк, гуманитардык, финансылык, дары – дармек түрүндө жардам сурагандар, адвокат, юрист, психолог, логопед сурап, үй, паспорт, аскердик билет, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу, эмгек акыны, алимент төлөө, мектеп окуучуларын автоунаа менен камсыздоо, имараттарды дезинфекциялоо, адамды издөө, баланын жашаган жерин аныктоо боюнча, апасы менен байланышуу, Кризистик борбор жөнүндө маалымат жана ага жайгаштыруу боюнча, мамлекеттик  мекеме жана башка уюмдардын даректерин сурашкан.

Кайрылуулардын экинчи позициясын 889 же 24,2% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын болгон өз ара  мамилелери, онлайн сабактар үчүн өз ара түшүнбөстүк, досу, классташ балдары, небере, атасы, апасы менен чоң энесинин, инисинин терс максатта пайдалануусу (манипуляция), мектеп окуучулардын укугу, балдарды тарбиялоо тууралуу консультация, депрессия, небере кыздын үйдөн кетип калуусу, апасына кайгыруу, баланын гиперактивдүү, агрессивдүү жүрүм – туруму тууралуу  чалуулар түшкөн.

Борборго кайрылган 368 абонент же 10,0% социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, ДМЧ балдарды караган жеке ассистенттин кызмат акысын, камкорчусунан ажырагандыгы боюнча пенсия чектөө жана төлөө, баланы асырап алуу, комкордукка алуу, ДМЧ баланы жана улгайган эркекти социалдык стационардык мекемеге орноштуруу, баланын жашаган жерин аныктоо, майыптыгын жана тобун кайра карап чыгуу, үй-бүлө жана балдарды текшерүү, кресло-коляска алуу боюнча, “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо тартибин сурап кайрылышкан.

Психологиялык жабырлануудан 202 же 5,5% абонент, алардын ичинен 89 жаш балдар кайрылган. Алардын кайрылуусуна турмуштук оор кырдаал, депрессияга кабылуу, коркунуч сезими, ата -энелер менен болгон түшүнбөстүктөр, жалгыздык, ата – энелер тарабынан баарлашуунун, сүйүүнүн жетишпездиги, апасын жоготуу, ушак, хиджаб кийүү, бала кезинен, жол кырсыгынан алган жаракат, капалануу, күнөөлүү сезим, коронавирус жуктуруп алуу коркунучу, уйкусуздук, сабак окуганга кызыгуунун, эркинин жоктугу,  уурулукка айыптоо, ата – энеси, агасы, тең туштары,  досу, келини менен кайынэненин, балдары менен болгон  чыр–чатактар жана келишпестиктер, өгөй атанын кызы менен түшүнбөстүктөрү, кызынын болочогу, ажырашуу, гуманитардык жардамга нааразычылык, акча каражаттын жоктугу, төрөй албагандык, жыныстык катнашка кызыгуу себеп болгон. 

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 181 же 4,9% абонент чалган. Буларга аял – күйөөсү, атасы, баласы, агасы, кайынэнеси, кайниси, чоң энеси, туугандар арасында түшүнбөстүктөр, чыр–чатактар, балдарды ата – энесинин бирөөсүнүн карамагына берүү, атасынын балдарды багууга жардам берүүдөн баш тартуусу, ата – энелик милдеттен ажыратуу, күйөөсүнүн аракечтиги себеп болгон.

170 же 4,6% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган (күйөөсү, атасы, ойношу, баласы, кайынэнеси, бейтааныш эркектер тарабынан, эрте никеге турууга мажбурлоо, аялдарды үй – бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө консультация).

166 же 4,5% чалуулар ар кандай суроолор боюнча болгон («Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун кызматкерлерине ыраазычылык, кошунасына, маршруттук таксинин айдоочусуна, троллейбустагы тилемчилерге нааразычылык, сабактарды аткаруу, карызды кайтаруу мумкүнчүлүгү, Бишкекте өзгөчө кырдаалды жана өзгөчө абалды киргизүү, анын мөөнөтүн узартуу боюнча суроолор, карантинди бузуу, кошуналар ортосундагы чатактар, соцтарамактагы видео, электр жарыгына төлөмдүн туура эмес эсептегендиги, психолог кесиби, карантинге байланыштуу жазгы талаа жумуштарына тоскоолдук, жардамга сунуш, өткөрүү пунктары жөнүндө маалымат, азык – түлүктөрдүн, жол киренин баасынын көтөрүлүшүнө арыздануу, алкогол ичимдиктерди сатууну тыйуу, атайы кийим кийип, үйлөрдү кыдырган адамдар, жашаган батирден чыгаруу, ижарага алган үйдүн акысын төлөө, үйгө укугу, көчөдө ойногон  балдар, ызычуулар, банктан справка алуу, байланыш операторлорунун тарифи, канализация көйгөйү, балдарды чек арадан чыгарууга тыйуу салуу жана ата – энелердин укугун коргоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу, 16 жаштан тартып бойго жетүүнү киргизүү боюнча сунуштар, ишке орношуу, баланы чач тарач курсуна окутуу, автоунаанын мурунку кожоюнун табуу, кызын Кыргызстанга алып келүү тууралуу).

142 же 3,9% абонент медициналык камсыз кылуу (ден соолугунун начардыгы, балдардын жана чоң адамдардын консультацияга, медициналык кароого, дарыланууга муктаждыгы, психотерапевтин консультациясына, кекечтиктен, токсиманиядан, уйкусуздуктан дарыланууга муктаждык, рецепт жана дары – дармек сатып алуу, диагноз коюу, балдарды медициналык текшерүүгө төлөм, кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу, маска жана антисептиктерге баанын жогорулашы, коронавирустун симптому, өзгөчө кырдаал киргизген тууралуу, коронавирус COVID – 19 инфекциясын жуктуруп алган үчүн бир жолку берилүүчү компенсацияны кайтаруу, доктурга, медайымга арыздануу, ҮДТ каттоого туруу, анын даректери, акы төлөнүүчү тез жардам кызматынын дареги,  103 тез жардам кызматын чакыруу) боюнча чалган.

141 же 3,8% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, чоң эне, чоң атасы, өгөй атасы, тайэжеси, эжелери, агалары, өгөй эне, кошунасы, жеңеси, жогорку класстын окуучусу, мурунку аялынын жарандык никеде турбаган күйөөсү, бейтааныш эркек, балдар үйүнүн кызматкери, бала бакчанын тарбиячысы, милиция, атасы тарабынан психологиялык зомбулук көрсөтүлгөнү, зомбулукка аракет кылгандык болгон тууралуу кабарлаган.

108 же 2,9% абонент Борбордун иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

92 же 2,5% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине жана ишине нааразычылык билдирген (РИИБдүн, РЭСӨБтын, МСЭКтин, ССМнин кызматкерлерине, 1227 “Жардам штабдын”, айыл өкмөттүн, почтанын, комендаттын, КР Өкмөтүнүн, ӨКМ, Софонддун, домкомдун ишине, иш берүүчүгө, соттун чечимине наарызычылык).

Билим берүү системасы боюнча 76 же 2,1% абонент чалып, мектептин мугалиминин, класс жетекчинин, директордун жана мектеп администрациясынын ишине арыздануу, мектепте акча чогултууга, музыкалык мектепке, баланы сабактан бошотуу, акысыз жана аралыктан окуу, аралыктан окуунун кыйынчылыктары, бүтүрүү экзамендерин берүү, билим алууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу, мугалимдерге ыраазычылык,  окуу боюнча балдар олимпиядасына катышуу, бала бакчанын башчысына жана тарбиячысына арыздануу, баланы бала бакчага орноштуруу, анын шартын жакшыртуу тууралуу билдирген.

51 же 1,4% кайрылуу балдарга карата ата – эне, чоң эне тарабынан кайдыгер мамиле тууралуу болгон.

10же 0,3% суицид  тууралуу чалган.

2 абонент же 0,01% жогорку класстын окуучулары тарабынан болгон мектептеги рэкет боюнча түшкөн.

77888 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсүн талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

291 кабарланган билдирүүнүн ичинен 234 же 80,4% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  49 же 16,8% – ички иштер органдарына, 3 же 1,1% – саламаттыкты сактоо органдарына,1 же 0,3% билим берүү органдарына, 4 же 1,4%  башка уюмдарга жөнөтүлгөн.

    Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат. 

Түшкөн 3681 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   –1573 (же 42,7%;

– Чуй облусунан –591 (же 16,0%);

– Жалал – Абад облусунан –  366 (же 10,0%);

– Ош облусунан – 277 (же 7,5 %);

– Ош шаарынан – 214 (же 5,9%);

– Ысык – Көл облусунан – 187 (же 5,0%);

– Баткен облусунан – 134 (же 3,7%);

– Нарын облусунан –104 (же 2,9%);

– Талас облусунан – 78 (же 2,1%);

– анонимдерден – 157 (же 4,2%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылган 51 абонентке телефон аркылуу борбордун кызматкерлери консультация берген, 5 факты анык болуп, 15 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 1 факты боюнча кылмыш иши козголгон, балага карата психологиялык зомбулук  көрсөтүлгөн 1 факты тастыкталган,  бул баланын атасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 1 абонент арыз менен милиция кайрылган.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 10 кайрылуу боюнча фактылар аныкталган эмес, үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

20турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан жашаган жерине барып, изилденип чыгып, каттого алынды;

27 абонентке райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди.

6 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, балдарды реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды.

1 жашы жете элек бала табылып, балдар Борборуна убактылуу жайгаштырылды.

1 кайрылуу боюнча РШСӨБ кызматкерлеринин жардамы менен абонентке баласы менен жолугууга жардам көрсөтүлдү.

2 балага “балага сүйүнчү” жөлөкпул төлөндү.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн 10 факт боюнча РШИИБ  кызматкерлери тарабынан зомбулук көрсөткөн адамдар менен профилактикалык иш чара өткөрүлдү, 1 факт тастыкталаган эмес, 2 үй-бүлө каттого алынды, 1 аялга коргоо ордери берилди.

1 аял баласы менен Кризистик борборго жайгаштырылды.

Беловодскийдеги балдар психикалык ССМ кызматкерине болгон арыз текшерилди.

2 абонентке демөөрчүлөр тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

3 абонентке тез жардам кызматын чакырууга жардам берилди.

1 абонентке электржарыгын туташтырууга жардам берилди.

2019 – жылдын 7-  айын (1119 чалуу) менен 2020 – жылдын 7 – айы менен  салыштырганда, чалуулардын саны 3,3 эсеге көбөйгөн. Чалуулардын көбөйүшүнүн себеби, 2020 – жылдын 22 – мартынан тартып республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоого байланыштуу өзгөчө кырдаал жана 25 – мартынан өзгөчө абал киргизилгендиги жана  «111 Балдар үчүн ишеним телефону» борбору тууралуу маалыматтар таркатылгандыгы болгон. 

Пайдалуу
Ссылкалар