Зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун колдоо боюнча долбоор ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы ” Коомдук фонду менен биргеликте USAID жана FHI 360 “Жигердүү Жарандар” долбоорунун колдоосу менен 2020-жылдын 17-июлунан баштап COVID-19 пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун жана 111 – “Балдар үчүн  ишеним телефону” борборун колдоо боюнча долбоорун ишке ашыра баштайт.

Балдар үчүн ишеним телефону борборунун маалыматы боюнча, карантин учурунда үй-бүлөдөгү аялдарга, өспүрүм кыздарга жана балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 61 пайызга жогорулаган. Ишеним телефонуна чалуулардын саны кескин көбөйгөн. 2020-жылдын 4- айында чалуулардын жалпы саны 2440 түзүп, алардын 191и же 7,8% балдардан келип түшкөн.

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн, өспүрүм кыздарды зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо системасы төмөнкүлөр аркылуу өркүндөтүлөт:

  • “Балдар үчүн 111 ишеним телефону” борборунун потенциалын жогорулатуу;
  • зомбулуктун бардык түрлөрүнөн жабыр тарткан өспүрүм кыздардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жана кызматтардын  потенциалын жогорулатуу;
  • балдарды ырайымсыз мамиледен жана зомбулуктан коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ведомстволор аралык координациясын жакшыртуу;
  • үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага реакция берүүдө өспүрүмдөргө басым жасоо менен ведомстволор аралык механизмди пилоттоштуруу;
  • myktybaldar.kg сайтында өспүрүмдөргө он-лайн психологиялык жардамды түзүү

Долбоор COVID-19 пандемиясына байланыштуу адистештирилген кызматтар тарабынан үй-бүлөдөгү зомбулук учурларына жооп кайтаруунун деңгээли төмөн көйгөйүн чечүүгө жардам берет.

«Жигердүү жарандар» долбоору — https://www.facebook.com/JigerduuJarandar/

USAID КР миссиясы: https://www.facebook.com/USAIDKyrgyzRepublic/

FHI 360: https://www.facebook.com/fhi360/

 

Пайдалуу
Ссылкалар