Майыптуулук фактысын белгилөө боюнча ырастоодон 16082 адам өткөн

Майыптуулук фактысын белгилөө боюнча ырастоодон 16082 адам өткөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5% аз (6419 адам). Майып деп эсептелген жарандардын саны 28,3% (6126 адам) кыскарган, алардын ичинен биринчи жолу майып деп эсептелгендердин саны 38% кыскарган (2234 адам), майыптыгы кайрадан белгиленгендердин саны 25,3% (1776 адам) азайган. Отчеттук мезгилде 15331 ДМЧА реабилитациялоонун жеке планы (РЖП) толтурулган.

Министрлик протездик-ортопедиялык продукцияны даярдоо жана майып коляскаларын кураштыруу боюнча иштер дайыма жүргүзүп жатат. Ортопедиялык бут кийимдердин сырткы түзүлүшүн жакшыртуу, протездик буюмдардын жаңы технологиясы өздөштүрүлгөн жана колдонууда. Отчеттук мезгилде жекече журуучу каражаттар, протездик-ортопедиялык буюмдар жана башка каражаттар менен 4191 адам камсыз болгон.

Майыптык кресло-коляскасы менен 4 ДМЧА камсыз болгон, алардан ДМЧ балдар – 2.

Санатордук-курортук жолдомолор 6487 ДМЧА берилген.

Реабилитациялоо курсунан 217 ДМЧА өткөн, анын ичинде 19 ДМЧ балдар (8,7%).    Отчеттук мезгилде 42 ДМЧА компьютердик билим, тигүү жана бычуу курстарынан өткөн.

 

Пайдалуу
Ссылкалар