1807 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар табылган

2020-жылдын 1-июлуна карата 1807 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар табылган, алардын ичинен 931 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган. Мындан тышкары 684 турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө табылган, алардын ичинен турмуштук оор кырдаалдан 245 чыгарылган.

Үй-бүлөлүк тарбыянын өзгөчө маанилүү экенин эске алуу менен, Министрлик тарабынан ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарды жана жетим балдарды тарбиялоонун үй-бүлөлүк формасын өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет. 2020-жылдын 1-июлуна карата 30 бала кабыл алуучу үй-бүлөдө тарбия алууда.

Пайдалуу
Ссылкалар