2020-жылдын 1-августуна карата 7198 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 7056 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп жатат

2020-жылдын 1-августуна карата дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 7198 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 7056 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп жатат.

Жеке ассистенттин ай сайын кызмат акысынын көлөмү 4900 сомду түзөт. Белгилей кетсек, жеке ассистенттер үчүн ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полиси райондук социалдык өнүгүүбашкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен алынат.

Эске салсак, баланын үй-бүлөнүн курчоосунда болуу укугун камсыз кылууга жана өз алдынча кыймылдай албаган, майыптуулуктун оор формасындагы  балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында жеке ассистенттин жаӊы кызматы Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тартып  кирген. Жеке ассистент баланы багууда социалдык-турмуштук  кызматтарды көрсөтүүдөн сырткары, балага реабилитациялоонун жеке программаларын ишке ашырууга көмөктөшөт.

Пайдалуу
Ссылкалар