Баланы асыроо боюнча кортундуну берүү мөөнөтү 14 күндөн 7 күнгө кыскартылды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, балдарды асыроо тартиби жөнөкөйлөштүрүлгөндүгү тууралуу маалымдайт.

Тактап айтканда, эми жарандар асырап алууга документтерин Мамлекеттик кызматтар порталы  www.e.gov.kg  аркылуу берсе болот. Ал эми баланы асыроо боюнча кортундуну берүү мөөнөтү 14 күндөн 7 күнгө кыскартылды.

Мындан тышкары, “MegaРay” мобилдик тиркемесинде “Бала асырап алуучу катары каттоого туруу үчүн арыз берүү” кызматы жайгаштырылган.

Пайдалуу
Ссылкалар