КР ЭСӨМ: 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-сентябрына чейинки аралыкта 362 671 балага “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулу төлөндү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-сентябрына чейинки аралыкта 4 миӊ сом өлчөмүндө 362 671 балага “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулу төлөндү.

Аталган төлөмдөргө республикалык бюджеттен 1 459 995 350 сом сарпталган (жалпы суммада, банктык кызмат көрсөтүүлөргө каралган каражаттар да көрсөтүлгөн).

“Балага сүйүнчү” төлөмүнүн жол-жобосу жеӊилдегенин Министрлик эскертет. Акча каражаттарды жекече өздүк эсеп ачпастан төлөм алуу үчүн кайрылгандан кийин эки күндүн ичинде алууга болот. “Балага сүйүнчү” төлөмүн паспортту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарына (калкты тейлөө борбору, Жарандык абалдын актыларын жазуу) көрсөтүү менен тариздөөгө болот.

Пайдалуу
Ссылкалар