Санариптештирүү алкагында мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандардан 8 маалымат/ маалымкатты талап кылуу алынып салынды

Министрлик тарабынан «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашыруу боюнча максатка ылайык иштер аткарылууда.

Министрликтин автоматташтырылган маалымат базалары Социалдык коргоонун бирдиктүү маалымат базасы (СКБМБ) жана Эмгек рыногунун маалыматтык системасы (ЭРМС) маалыматтык системалар ОРДО каталогунда катталган жана “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына толугу менен кошулган (100%).

Санариптештирүү алкагында мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандардан 8 маалымат/ маалымкатты (паспорт, пенсия алууга укугу жок экендиги жөнүндө маалымкат, камсыздандыруу салымдарынын суммасы жана көлөмү жөнүндө маалымкат, ишкердик тууралуу маалымкат, патенттин  наркынын суммасы, туулгандыгы, үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгондугу тууралуу күбөлүк, кыймылдуу мүлктүн бар экендиги жөнүндө маалымкат) талап кылуу алынып салынды.

Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө даярдыгына жараша Министрлик тарабынан калкка көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын маалымкаттарынын 2 түрүнон кем эмес электрондук форматка которуу  пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтардын порталында (www.e.gov.kg) Министрликтин 12 мамлекеттик кызматтары тесттик түрдө жайгаштырылган.

Пайдалуу
Ссылкалар