Социалдык кызматтарды пилоттоштуруу Кочкор районунда ийгиликтүү өтүүдө

Нарын облусунун Кочкор районунун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Европа биримдигинин финансылык колдоосу алдында ишке ашырылуучу «Үй-бүлө түрүндөгү камкордук» долбоорунун колдоосунда, Ысык-көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын райондук башкармалыктарынын кесиптештери менен турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн социалдык кызматтарды пилоттоштурууда тажрыйба алмашуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгын начальниги Баатырбек Абдымамытов маалыматтарды электрондук иштеп чыгуу, ички ведомстволук өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен, «бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде аймактык башкармалыктын ишинин уюштурулушун презентациялады.

Эмгек жана социалдык өнүктүүү министринин милдетин аткаруучу Адиев Каныбек калкка, анын ичинде турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. К.Адиев ошондой эле, социалдык кызматтарды көрсөтүүдө жарандарга ыӊгайлуу шарт түзү жана убакытытты үнөмдөө максатында, аймактык бөлүмдөрдүн ишинде заманбап технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеӊири жайылтууну белгиледи.

Социалдык кызматтарды пилоттоштуруу Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунда, ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь жана Биринчи май райондорунда жүргүзүлөт.

Аталган пилоттук райондордун социалдык кызмат долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында, материалдык-техникалык база жана кеңсе эмеректери менен камсыздалган.

Жумушчу кеӊешмеге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Ибраева, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын, райондук соттун жана прокуратура органынын өкүлдөрү катышты.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар