«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын сентябрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 8–15- сентябрына чейин 2335 телефондон кайрылуу (же бир суткада 334 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 97 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган, анын ичинен 39 (же 40,0%) жаш балдардан, ал эми 58 (же 60,0%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 59 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 24 абонентке психологиялык консультация берилди, 14 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

97 чалуунун  ичинен эркектерден – 26 (же 26,8%), аялдардан – 71  (же 73,2%), балдардан– 39: анын ичинен эркек балдардан – 16 (же 41,0%), кыздардан- 23 (же 59,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу -19;

– психологиялык жабырлануудан –17;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө –14;       

– социалдык жардам сурап –10;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап -7;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат –6;

 – ар кандай суроолор менен – 6;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу –5;

– билим берүү системасы боюнча -4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу -3;

– медициналык камсыздоо боюнча – 1.

2238 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 41 (же 42,3%);

– Анонимдер – 19 (же 19,6%)

– Жалал-Абад облусунан – 8 (же 8,2%);

– Чуй облусунан –  8 (же 8,2%);

– Ысык-Көл облусунан – 6 (же 6,2%);

– Талас облусунан –  4 (же  4,1%);

 – Нарын обусунан –  3 (же 3,1%);

– Ош облусунан – 3 (же 3,1%);

– Баткен облусунан – 3 (же 3,1%);

– Ош ш. – 2 (же 2,1%).

Пайдалуу
Ссылкалар