Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр

Жумушсуз же жумуш издөөчү катары катталуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Жашаган жери боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдарына.

Кандай документтер талап кылынат?

1) паспорт;

2) эмгек китепчеси же анын дубликаты;

3) анын кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер.

Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандарды каттоо паспортту жана билими жөнүндө документти тапшыруу менен жүргүзүлөт.

Жарандарга алар катталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ылайыктуу жумуш таап берүүгө мүмкүн болбогондо, алар расмий жумушсуздар деп таанылат.

Жумуш орундар жөнүндө маалыматты кайдан алууга болот?

Маалыматты Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнөн, ошондой эле он-лайн режиминде http://zanyatost.kg/ сайтынан  алууга болот.

Белгилей кетчү жагдай, Министрлик тарабынан “Бош орундардын жармаңкеси”дайыма уюштурулуп турат.

Жарандарды кесиптик окутууга жолдомо берүү төмөнкү максаттар үчүн жүргүзүлөт:

1) ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

2) жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын зарыл болгон кесиптик квалификация алуусу;

3) жумуш жоктугуна байланыштуу квалификациясын өзгөртүү.

Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар кошумча кесиптик даярдыкты талап кылбаган эмгектин жалпыга жеткиликтүү түрлөрү болуп эсептелет. Алар коомдук пайдалуу иштерди аткаруу учурунда ишке ашырылат. Мисалы: мектептерди, бала бакчаларды оңдоо, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, суу түтүктөрүн, газ, канализация жана башка коммуникацияларды оңдоо жана калыбына келтирүү, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо, айыл чарба ирригациялык иштерди өткөрүү жана  эмгектенүүнүн башка багыттары боюнча иштерди аткаруу.

Пайдалуу
Ссылкалар