Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-сентябрына карата 24,1 миң адамды түздү

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-сентябрына карата 24,1 миң адамды түздү.  Алардын ичинен кош бойлуулук  жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны – 22,3 миң адам, расымдык жөлөкпул  – 1,8 миң адам.

Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 10273,7 сомду түзгөн. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 3423,0 сом.

Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы – 235,8 млн. сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга – 229,6 млн. сом жана расымдык жөлөкпулга – 6,2 млн. сом сарпталган.

Пайдалуу
Ссылкалар