КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин м.а. Каныбек Маматбекович Адиевдин 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоо сөзү

Кымбаттуу кесиптештер, кадырман мекендештер!

Кыргызстандын көз карандысыздыгына карай жолубуздун башаты эне тилибизди сактап калуу кыймылынан башталганы белгилүү. 31 жыл мурда бул кыймыл зор коомдук күчкө өсүп жетип, кыргыз тилинин мамлекеттик даражасын мыйзам түрүндө бекитүүгө жетишкен.

Дал ошол мыйзам кабыл алынган 23-сентябрды мамлекеттик тил майрамы катары жыл сайын белгилеп келе жатабыз. Баарыңыздарды улуттук рухий майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Министрликте мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууда сиздер менен чогуу кызматташып, кыргыз тилибиздин чыныгы мамлекеттик мартабасына ээ болуусуна салым кошуп, сапарлаш болуп келебиз! Соңку жылдары тил жаатында көп иштер жасалды, жасала турганы андан көп.

Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.

Түптүү элдин, уюткулуу улуттун мамлекеттик тили катары улуу тилибиздин учугу узарып, түбөлүгү түз болоруна ишенебиз.

Мамлекеттик тилибиздин түбөлүгү түз, майрамыбыз кут болсун!

 

Пайдалуу
Ссылкалар