пандемия маалында Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулуктун көйгөйлөрүн талкуулоо боюнча Интернешнл Алерт эр аралык уюмунун Жумушчу тобунун онлайн жолугушуусу болуп өттү

17-сентябрда пандемия маалында Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулуктун көйгөйлөрүн талкуулоо боюнча Интернешнл Алерт эр аралык уюмунун Жумушчу тобунун онлайн жолугушуусу болуп өттү.  Анда диний жамааттарды эске алуу менен аялдарга карата жасалган зомбулук боюнча Интернешнл Алерттин изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары, Кыргызстанда эпидемиянын аялдар менен эркектерге тийгизген таасири жөнүндө БУУ-Аялдар түзүмү тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары тааныштырылып, мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын үй-бүлөлүк зомбулукка карата жооп чаралары талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов белгилегендей, “Калктын эң эле аярлуу катмары – аялдар жана балдар, биргелешкен аракеттер гана зомбулуктун деңгээлин төмөндөтөт. Мамлекеттик органдар диний уюмдар менен иштиктүүлүк менен кызматташууга аракет кылышып жатышат жана көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруулары керек. Үй-бүлөдө болуп жаткан нерселерге көз салып туруу кыйын болгондуктан, диний ишмерлер жыйындарда, мечиттерде дин бардык зордук-зомбулукка жана басмырлоого тыюу салгандыгы тууралуу айтуулары керек. Жыныска, улутка, динге карабастан, биз бардыгыбыз бир өлкөнүн жарандарыбыз жана бирдей укуктар менен мүмкүнчүлүктөргө ээбиз.” Ошондой эле, директор муфтият менен казыяттардын үй-бүлөлүк зомбулук маселеси боюнча иштөөлөрү керектиги жөнүндө айтты.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо бөлүмүнүн адиси Махабат Нарынбекованын айтымында, 2020-жылдын 8 айында ИИМге 6189 арыз келип түшсө, анын 571и үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу арыздар болгон. Буга байланыштуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кампаниясын өткөрүү, тренерлердин командасын түзүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча комитеттерди түзүү пландаштырылууда. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүү үчүн “Түндүк” платформасында электрондук портал түзүлүп, аларга психологиялык жана юридикалык колдоо көрсөтүлөт. “Тилекке каршы, пандемия учурунда кризистик борборлор аялдарды кабыл алышпайт, бирок өз ыктыярлары менен психологиялык колдоо көрсөтүп иштешет,” – деп жыйынтыктады Махабат Нарынбекова.

Кадыр Маликов, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары: “Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зомбулуктун себептери менен эмес, кесепеттери менен көбүрөөк иштеп жатабыз. Биз аялдардын билим деңгээли менен каржылык жактан көзкарандысыздыгын жогорулатуу боюнча иш алып барышыбыз керек. Биз калыптанган диний ой жүгүртүүнү өзгөртүү боюнча иштеп жатабыз. Мисалы, Тартип комиссиясын түздүк, ал зомбулуктан жапа чеккен аялдардын ажырашуу арыздарын карап чыгат. Психикалык жактан колдоо ишеним телефону боюнча да иштеп жатабыз. Ал жакта жалаң дин жана психология боюнча жогорку билими бар аялдар иштешет, анткени кайрылгандардын көпчүлүгү үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон аялдар.”

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаева белгилегендей, расмий дин кызматкерлери гана эмес, диний уюмдардын жигердүү аялдары дагы өз бедел-баркын пайдаланып, тең укуктуулукту чыңдап, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алышы керек.

Интернешнл Алерттин “Татыктуу Жашоо”: Аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулуктун алдын алуу боюнча негизги билдирүүлөрдүн диний жамааттарга жетишин камсыз кылуу” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде гендердик теңчиликти илгерилетүүдө ажырым байкалат.   Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы начар ишке ашырылып жатат. Диний жамааттардагы аялдардын өзгөчөлүктөрү менен аярлуулуктары эске алынбайт, мамлекеттик органдарда гендердик маселелер үзүл-кесил эске алынып, эл аралык уюмдар колдогон долбоорлордун болушунан көз каранды.

“Жергиликтүү деңгээлде үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу түшүнүүлөрү зарыл, ошондуктан биз аял-теологдорду катыштырабыз, айыл өкмөт башчылары менен иштейбиз. Акыркы жылдары үй-бүлөлүк зомбулук маселеси боюнча, негизинен, аялдар менен иш алып барылып жатат, бирок бул процесске эркектерди да кошуу керек. “Татыктуу Жашоо”: Аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулуктун алдын алуу боюнча негизги билдирүүлөрдүн диний жамааттарга жетишин камсыз кылуу” аттуу жаңы долбоорубуздун маалымат кампаниясына диний жетекчилерди катыштырабыз, алар өз жамааттарында андан ары алдын алуу иштерин жүргүзө алышат”, – деди Шакират Токтосунова, Интернешнл Алерттин өлкөлүк өкүлү.

БУУ-Аялдар түзүмүнүн улуттук координатору Сагипа Жусаеванын айтымында, пандемиянын Кыргызстанда жашаган аялдар менен эркектерге тийгизген таасирин изилдөө COVID-19 кырдаалы боюнча чечим кабыл алууга жооптуу Генералдык штабдын жана башка түзүмдөрдүн көпчүлүк мүчөлөрү эркектер, ал эми аялдар негизинен  чечим чыгаруучулар эмес, аткаруучулар болушканын көрсөттү. Карантинден кийин “эркектердики” деп аталган жумуш жайлары (автоунаа оңдоочу жайлар, газ жана мунай өнөр жайлары ж.б.) биринчи кезекте ачылып,  чачтарачтар, бала бакчалар, окуу жайлар, коомдук тамактануу жана башка аялдар көбүрөөк иштеген кызмат көрсөтүү жайлары акыркылардан болуп иштетилди. Мындан тышкары, үй жумуштары жана үй-бүлөгө кам көрүү аялдардын түйшүгүн көбөйттү. Кризис мезгилиндеги аялдардын ролу дагы баса белгиленди – ыктыярдуу жардам көрсөткөн 37 уюмдун/адамдын ичинен 34ү аялдар болгон.

Жумушчу Топтун жолугушуусу Интернешнл Алерт тарабынан ишке ашырылып, Кыргыз Республикасындагы Швейцария Элчилиги тарабынан каржыланган “Диний жамааттын катышуусу менен COVID-19га каршы күрөшүү” долбоору менен Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Татыктуу Жашоо”: Аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулуктун алдын алуу боюнча негизги билдирүүлөрдүн диний жамааттарга жетишин камсыз кылуу” долбоорунун алкагында өттү.