Учурда республика боюнча 935 социалдык кызматкерлер 9,7 миң жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүндө тейлейт анын ичинен 4316 адам улгайган жарандар.
Социалдык кызматкерлер дары-дармектерди, азык-түлүк жана керектүү буюмдарды сатып алууга көмөктөшөт. Медициналык, юридикалык кызматтарды алууга жана үй тиричилигинде жардам берет.
2020-жылдын 1-сентябрына карата республика боюнча пенсиялык камсыз болуу укугуна ээ эмес 1531 улгайган жарандардын 1000 сом өлчөмүндө ай сайын социалдык жөлөкпул алышат.